• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экс-депутат Шыкмаматов бийликтин партиялары кайсылар экенин айтты

16 Жалган куран 2020 13:48 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов журналист Майраш Базлакунова менен болгон «YouTube» каналындагы маегинде парламенттик шайлоого оппозициялык партия менен барарын билдирди. Бирок ал партиянын айтын ачык айткан жок. Шыкмаматов айрым саясий партиялар жөнүндө коомчулук билбеген маалыматтарды билерин айтып, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», Кыргызстан либерал-демократиялык партиясы (КЛДП) бийликке ыктаган партиялар деп эсептей турганын айтты:

«Мен так айтам, оппозициялык партия менен барам. «Ата Мекенди» таштап бийликтин партиясы менен бармак белем? Бийликчил партиялар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана КЛДП».

Шыкмаматовдун мындай пикирине КЛДП жооп кайтарды.

Партия «Фейсбуктагы» расмий баракчасына: «Шыкмаматов «КЛДП — бийликтин тегерегиндеги партиялардын бири» деген өзүнүн жеке жоромолун билдирген жана «оппозицияда эмес» деп баалап, «бул партияга кошулбайм» деген оюн айткан. Ар бир саясатчы, коомдук ишмер же катардагы жаран болобу, өз оюн айтканга укугу бар», деп жазды. Ошондой эле партиянын катарына Шыкмаматовду чакырбагынын билдирди. Азырынча мындан башка партиялар саясатчынын пикирине жооп бере элек.

Кыргызстанда 250дөн ашык саясий партия Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Парламенттик шайлоо быйыл октябрь айында өтүшү керек. Ага чейин 12-апрелде беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. 

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 603