Экс-депутат Тиллаев Транспорт министринин орун басары болду
Экс-депутат Тиллаев Транспорт министринин орун басары болду
20 Үчтүн айы 2022 14:15 Бишкек Govori.TV
Таабалды Тиллаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка 19-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бүгүн министрдин орун басарын жалпы жамаатка Министрлер кабинетинин орун басары Азиз Алиев тааныштырды.
Таабалды Тиллаев 1976-жылы 7-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында туулган.
Билими:
2005 — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1995 — Бишкек шаарындагы «Датка» жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер;
1999-2000 — «Торговый дом качества» жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары;
2001-2003 — Бишкек шаардык финансалык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
2003-2007 — Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.
2012-2013 — «КыргызНефтьПром» жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директор;
2013-2014 — «ГлавНефтеГаз» жабык акционердик коомунун башкы директору;
2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат.