• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат: Коронавирустун шылтоосу менен Тажик тарап чек араларды казып жатат

15 Чын куран 2020 14:54 Бишкек Govori.TV

Тажик тарап коронавируска байланыштуу деп чек араларды казып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Тиллаев Өкмөттү коронавирус илдетине каршы күрөштүн алкагында чек ара маселесин да көзөмөлдөө керектигин айтты.

«Тажик тарап коронавируска байланыштуу деп чек араларды казып жатышат. Муну менен алар биздин чек арага 100 метрдей кирип келип жатышат. Бул такталган факты. Азыртан абалды көзөмөлдөп, чара көрүш керек. Бул эпидемилык абал бүтөндөй кийин алар жылып кирген 100 метр жерден кетпей, бизге кыйынчылык туудурат, — деди депутат.


Количество просмотров: 1182