Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.
«Мен ал генерал-майордун аты-жөнүн дагы атагым келбейт. Тарыхты билбеген, билимсиз жетекчилер чек арада иштегенге укугу жок. Биздин Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги тажик бийлигинен мындай жетекчилердин иштебешин талап кылышыбыз керек. Чек ара маселеси оор болгондуктан эки тараптын менталитетин жакшы түшүнгөн кызматкерлер иш алып баруусу зарыл»,-деди Тиллаев.