Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун уулу Элмурат Абдраимов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчисинин орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу маалымат аталган фонддун сайтында маалымдалат.
Маалыматка караганда, Элмурат Абдраимов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчисинин орун басары кызматына дайындоо тууралуу буйрук 27-апрелде чыккан.
Элмурат Абдраимов 1982-жылы туулган, үй-бүлөөлүү. Кесиби боюнча юрист. Ал буга чейин “Кыргызалтында”, “Айыл Банкта” да иштеген. Мындан сырткары ал өздөрүнүн үй-бүлөөсүнө тиешелүү “Кайнар” ЖАКынын директорлор кеңешинин мүчөсү, ревизору болуп иштеген.