Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов жана президенттик аппараттын экс-жетекчиси Алмаз Кененбаев жаңы кызматка барышканы белгилүү болду.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык экс-мэр Суракматов Соода-өнөр жай палатасынын Дубайдагы өкүлү экени айтылса, Алмаз Кененбаев Абу-Даби шаарындагы Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү деп белгиленген.
Эске салсак, Суракматов үч жыл Бишкек шаарынын мэр болуп иштеген. 2020-жылкы октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Ал эми 2021-жылы Суракматов “коррупция” жана “мыйзамсыз баюуга” шектелип кармалган. Ошол жылдын июль айында келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн. сомдун 150 млн. сомун кайтарып берип абактан чыккан. 2022-жылы Суракматовго козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланган.
Ал эми Алмаз Кененбаев Сооронбай Жээнбековдун тушунда президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштеген, ал дагы 2020-жылкы окуялардан кийин кызматтан кеткен.