Бүгүнкү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында, төрага Алмаз Кененбаевге, шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.
«Азыр ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес экендигин тактоо мезгили келди. Кайсы бир маселени өткөрүш керек болсо, бирок өтпөй калса, төрага аны кайра-кайра добушка коё берет. Эгер дагы бюир жолу ошондой кыла турган болсо, мен Алмаз Кенебаевге ишенбөөчүлүк көргөзүү маселесин көтөрүп чыгам»,-деди Канатбек Музуралиев.
Ошондой эле айрым депутаттар добуш берүудөн чочулап, бир колун көтөрүп жиберип, бир колун түшүрүп жаткандгы. Аларды да тушүнсө болоорун. Бирок фракция лидерлери депутаттарды коркутуп-үркүтпөш керектиги айтылды.