• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мурдагы мэр Суракматовго козголгон кылмыш иши кыскартылды

8 Бирдин айы 2022 13:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 25-январда эле чыккан. Сот отурумунда айыпталуучунун адвокаты жоруктар 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылдарда болгонун, андан бери 15 жылдан ашык убакыт өткөнүн айтып жазык ишин кыскартуу жөнүндө өтүнүч келтирген.

«Азиз Суракматов күнөөсүн моюнга алаарын, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн кызматташтык жөнүндө келишимге ылайык 170 млн. сом материалдык зыян төлөгөнүн айткан. Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) депозиттик эсебинде турган ал акча мамлекеттин кирешесине которулганын билдирди. Андан тышкары Азиз Суракматовго тиешелүү жоопкерчилиги чектелген дагы эки коом баш-аягы 17 млн. сомдон ашык каражатты бюджетке төктү»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Суракматов “коррупция” жана “мыйзамсыз баюуга” шектелип 2021-жылдын 26-майында кармалган. Ошол жылдын июль айында келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн. сомдун 150 млн. сомун кайтарып берип абактан чыккан.

Азиз Суракматов Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарган.

Количество просмотров: 82