Бишкек.13.03.2019.Govori.TV
Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун өткөрмө пунктунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун тарапташтары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты.
Сот отуруму башталганга чейин милиционерлер сот залы толуп калганын, кийинчерээк айыпталуучулардын 2-3 тууганын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн киргизе турганын билдиришкен.
Чогулгандар бул процесс ачык экенин жана соттолуучулардын жакын туугандары залга киргизилбей жатканын айтышты. Ал эми А.Ибраимовдун жубайы тосмодон секиргенден кийин сот отурумуна киргизилди.