• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Экс-министр Батыралиев азыркы министрдин жаңы унаасы тууралуу үн катты

31 Үчтүн айы 201913:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.2019. Govori.TV.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев министрликтин азыркы министр Космосбек Чолпонбаевге
4 080 000,0 сомдук унаа сатып алуусу боюнча берген жообуна жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине комментарий берди.

Министрлик депутаттын, Чолпонбаевдин кымбат баадагы унаа менен жүргөндүгү тууралуу пикирине жооп берип жатып «Ал сатып алуулар ММК фонду жана Саламаттык сактоо министри менен биргеликте 2018-жылдын башында болгон»,-деген.

Талантбек Батыралиев министрлик бөлүнгөн каражатты колдонуп койгон соң анын жоопкерчилигин мурунку министрдин мойнуна артуу аракети көрүлүүдө экенин кошумчалоо менен ал сатып алуулардын башында азыркы министр Чолпонбаев болгонун айткан.

Талантбек Батыралиев Саламаттык сактоо министри кызматында 2018-жылдын апрель айына чейин иштеген.



Количество просмотров: 12