• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камакта болот

18 Аяк оона 2020 8:53 Бишкек Govori.TV

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды. Биринчи Май райондук соту мындай чечимди 17-сентябрь күнү чыгарды.

Соттун чечими менен ал 15-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Эске салсак, Чолпонбаев «кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен 15-сентябрда кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата «шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Чолпонбаев 2020-жылдын 1-апрелинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 72