• Шейшемби 24 Жетинин айы 2020

Мурдагы министр Чолпонбаев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн акча издөөдө

10 ноября 2020 в 13:11 Бишкек Govori.TV

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасатуу керек. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды. 

“Чолпонбаевге операция жасатуу керек. Албетте, бул бекер эмес. Чолпонбаев каржы маселесин шейшемби күнгө чейин чечем деди. Бирок бүгүн иш эмес күн, эгер ал эртең чечпесе, анда аны тергөө абагына кайтарууга аргасыз болобуз”, – деп билдирген Сарыбаев.

Белгилей кетсек, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев абактан ооруканага 22-октябрда ден соолугуна байланыштуу которулган.

Количество просмотров: 72