• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мурдагы министр Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот

22 Үчтүн айы 2021 17:01 Бишкек Govori.TV

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Чолпонбаев 2020-жылдын 15-сентябрында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып кармалган.

«Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 17-сентябрындагы токтомуна ылайык, Чолпонбаевди камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Кийин 6-ноябрдагы токтом менен Чолпонбаевге карата мурда тандалган бөгөт коюу чарасы 2021-жылдын 15-январына чейин узартылган. Бирок шектүүнүн жактоочусу Бишкек шаардык сотуна даттанган. Андан соң  соттун токтому өзгөртүлүп, Чолпонбаев 2021-жылдын 15-январына чейин камакта калтырылган. Бул мөөнөт 15-мартка чейин узартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Чолпонбаев элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон.

Количество просмотров: 102