Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (Муфтият) мурдагы башчысы Максатбек Токтомушев муфтият боюнча арызды “жалган жалаа” деп атады. 24-февралда ал социалдык түйүндөр аркылуу видеокайрылуу таратты.
“Өзү бул иш 2-3 ай мурда эле башталган. Жалган жалаа. Жүз ажынын атынан арыз жаздырышып, “акчабызды ала албай калдык” деген доо менен муфтиятты текшерүүгө кол салышкан. Бул жүз киши ажылыкка бир сом төлөмөк турсун өздөрү бирөө да катталган эмес болуп чыкты. Ушул жалган арыздын негизинде УКМК кызматкерлери соттун чечимин чыгарып, документтерди тинтүү менен алып кетишкен”.
12-февралда Муфтиятттын башкы эсепчиси эки айга камакка алынган.
10-февралда УКМК ал мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаганын маалымдаган жана “Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталды” деп билдирген.
Ошол эле күнү муфтийликти жетектеп турган Максатбек Токтомушев бул ишке шектүү катары кармалган. 12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон.