• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин абакка кайтарылбай жатканынын себеби айтылды

12 Тогуздун айы 2020 15:39 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунун начарлаганына байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруканада жаткан экс-премьер ЖАМК кызматкерлеринин кылдат көзөмөлүнө алынган.

«ЖАМК тарабынан КРдин Жазык-аткаруу кодексинин 97-беренесинин негизинде 2020-жылдын 6-октябрында ТЭЦ чырына байланыштуу камакка алынгандарга түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра кайтып келүүгө уруксат берилген. Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылды. Ал эми Сапар Исаков, Албек Ибраимов, С.Куланбаев, Б.Куланбаевге берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт. Талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Сатыбалдиев 7-октябрда Бишкек шаарындагы баш аламандык учурундар абактан бошотулган. Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоо учурундагы коррупция фактысы боюнча 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 251