Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кызынын кыз узатуу тоюнда бата жаштарга өз батасын берди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо Сооронбай Жээнбековдун эки жашка бата берип жатканын жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров төрдө олтурганын көрүүгө болот.
Буга чейин Асылбек Жээнбековдун кызы Акылбек Жапаровдун уулуна турмушка чыгып, кыз узатуу той 25-декабрда Бишкекте өткөнү маалымдалган.