• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экс-президент Роза Отунбаева аялдардын укугун коргоого арналган митингге барды

10 Жалган куран 2020 12:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева аялдардын укугун коргоого арналган тынчтык митингине барды.

Ал анда сөз сүйлөп жатып 8-мартта болгон окуяны сынга алып, буга чейин болгон митингдеги ызы-чууда ИИМ министри Кашкар Жунушалиев коомдук тартипти сактап бере албаганы үчүн кызматтан кетүүсү керектигин айтты.

«Мен буга моралдык жактан укуктуумун. Өлкөдөгү демократия үчүн көп нерсе жасаган адаммын. Биз он жылдап өлкөнүн престижин чогултканбыз, анан бир күнү аны чакалап төгүп, бүт дүйнөгө уят болуп… Бул окуяны уят деп эсептейм», — деди ал.

Эске салсак, 8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок алгач калпак кийген беткапчан белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер кое берилген.

Количество просмотров: 143