Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 62 жашка чыкты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 62 жашка чыкты
16 Жетинин айы 2020 11:34 Бишкек Govori.TV
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда 62 жашка чыкты.
Жээнбеков Кыргызстандын тарыхындагы 5-президент. Ал 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 2020-жылы 16-октябрда мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.
Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө мажбур болду.
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1983-жылы Константин Скрябин атындагы айыл-чарба институтун зооинженер адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1976-1977 — Өзгөн районундагы Ленин мектебинде мугалим
1977-1983 — Константин Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун студенти
1983-1988 —Ош облусунун Совет районундагы «Совет» совхозунда башкы зоотехник
1988-1989 —Ош облусунун Совет районундагы коммунистик партиянын инструктору
1989-1991 — Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы
1991-1993 — Ульянов атындагы совхоздун директору
1993-1996 — Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол колхозунун башкармасы
1996-1997 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
1997-2000 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы
2000-2005 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын төрагасынын орун басары
2005— Жогорку Кеңештин депутаты,
2007 — Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министри
2010-2012 — Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу
2012-2015 — Өкмөттүн Ош облусундагы туруктуу өкүлү
2015-жылдын 10-декабрына чейин өкмөттүн Ош облусундагы туруктуу өкүлү;
2015 – 2016 — Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
2016-жылдын мартынан тарта КР президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
2016-2017 — КР премьер-министри;
2017-жылдын 24-ноябрынан тарта КР президенти;
2020-жылдын 16-октябрында элдик толкундоонун натыйжасында кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.