• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Экс жардамчы — жаңы депутат

14 Бугу 201912:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы депутат пайда болду. Ал “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү Зарылбек Тыныбек уулу. Аны спикер Айбек Жолдошев тааныштырды.

28 жаштагы жаңы депутат “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү.

Зарылбек Тыныбек уулу Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.
2012-2013 –жылдары Жогорку Кеңештеги депутаттын айдоочусу.
2013-2014-жылдары парламентте коомдук жардамчы.
2014-2018-жылдары жеке ишкер.
2018 –жылдан баштап Жалалабаддагы жылуулук менен камсыздоо ишкансында директордун орун басары.

Айта кетсек Зарылбек Тыныбек уулу парламентте депутат Бактыгул Маматовдун («Ар-Намыс») айдоочусу болгон.


Количество просмотров: 46