• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эксперттер кыргыз-кытай алакасын талкуулашты

15 Бугу 2023 13:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-майда Бишкекте эл аралык мамилелер боюнча эксперттер, саясат талдоочулар “Кытай менен мамилени чыңдоонун Борбор Азия үчүн пайдалары жана тобокелдиктери” аталышындагы тегерек столго чогулду.

Жыйында эскперттер “Кытай-Борбор Азия” 5+1 форматында саммитте кайсы маселелер талкууланат? Кыргызстан Кытай менен кызматташтыктын дараметин канчалык деңгээлде колдонуп жатат? ушул суроолордун айланасында пикир алмашышты.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Миризиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду 16-майдан 20-майга чейин Кытайга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакыруусу боюнча айтсам, буга чейин Борбор Азиядагы өлкөлөр Кытай менен өз — өзүнчө сүйлөшүү жүргүзүп келген. Бул жолу беш мамлекет биргеликте сүйлөшүү жүргүзөт. Буга байланыштуу аталган мамлекеттер арасындагы кызматташуулар жаңы деңгээлге чыгат десек болот. Ал эми бул саммитте биздин өлкө Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча маселе көтөрөт»,-деди Бакетаев.

Ошол эле учурда Кытай менен алаканы жакшыртуудагы айрым маселелер айтылды. Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев кытай жарандарынын Кыргызстанга ээн-эркин кирүүсүнө шарт түзүүнүн тобокелдигин айтып, буларга токтолду.

«Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бишкек менен Бээжин азырынча визасыз каттамдын жол-жобосу белгисиз. Мен буга каршы пикирдемин»,-деди Кошалиев.

Эске салсак, Си Цзиньпин 16-майда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттерин Кытайга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырган. 18-19-майда Сианда Си Цзиньпиндин жетекчилиги менен «Кытай — Борбордук Азия» саммити өтөт. Жогоруда саналган мамлекеттердин башчыларынан сырткары иш-чарага Түркмөнстандын президентинин катышуусу да күтүлүп жатат.

Количество просмотров: 69