• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эквадордун президенти: Ассанж элчиликти “шпион борбору” кылууну көздөгөн

15 Чын куран 2019 16:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Джулиан Ассанж Лондондо Эквадор элчилигине келүү шарттарын бир нече жолу бузган, мындан тышкары “шпион борбору” аркылуу башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө аракет кылган. Ушул сөздөрдү Эквадордун президенти Ленин Морено The Guardian гезитине чыккан маегинде айткан.

“Мындай иш-аракет баш калкалоого түзүп берген шарттарды бузат. Биз чечимди өзүбүз каалагандай чыгарган жокпуз (Ассанжды баш калакоолосунан баш тартуу), чечим дүйнөлүк укуктун негизинде чыгарылган”,- дейт Морено.

Анын айтымында, WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү башка мамлекеттердин демократиясына кийлигиш үчүн Эквадордун элчилигин пайдаланган.

“Тилекке каршы дипломатиялык миссия башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө Британ борборунда мурдагы мамлекеттик органдардын уруксаты менен камсыз болгон.

Биздин мамлекет “шпион борбору” болушуна жол бербейбиз”,- деди Эквадор президенти.

Башка мамлекеттин ички иштерине кийлигишкенин 2019-жылы январда WikiLeaks сайтында жарыяланган. Ватикандык документин мисал кылып кетти. Мындан сырткары, Улуу Британия Ассанждын негизги укуктарын сактоону жазуу түрүндө берилип, катаал мамиле же өлүм жазасына дуушар болушу мүмкүн болгон үчүнчү мамлекеттерге жиберилбейт деген кепилдик берилгенин баса белгилеп кетти.

Эске сала кетсек 11-апрелде Түштүк Америка Ассанждын баш калкалоосун четке кагып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

Количество просмотров: 9