• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык Москвада кармалды

17 Чын куран 201915:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.

Москвада мамлекет аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы А.Б. аттуу адам Баткен облусунун тургуну алдамчылык үчүн айыпталып, издөөгө жарыяланган болчу.

Кармалган жаран бир нече жыл мурун ишенимине кирип, ири суммадагы акча алып, качып кеткен. Кийинчерээк алданган аял милицияга кайрылган.

Шектүү жаранды Россия Кыргызстанга өткөрүп берген. Азыр кармалган адам Бишкекке жеткирилип, камакка алынган.


Количество просмотров: 16