• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Эл аралык издөөгө жарыяланган депутат кармалды

25 Чын куран 201918:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

“Адамга бычак сайды” деп кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитов Россиядан кармалып Чүй ШИИБне алынып келингени жөнүндө «Govori.TV» агенттигине өздүк булактар кабарлаган. Бул тууралуу аталган мекемеден толугураак маалымат алуу үчүн байланышканыбызда шектүү кармалганын же кармалбаганын тастыкташкан жок.

Эске салсак, 26-августта Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары кылмышка шектүү Токмок шаардык кеңешинин депутаты экенин жазып чыгышкан.



Количество просмотров: 24