• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Боксчу Закиров Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

7 Бугу 202411:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Мухаммадазиз Закиров Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатындакүмүш медалга ээ болду.

Мелдешке мушкер 80 кг чейинки салмакта катышып, алтын медаль үчүн беттеште казакстандын мушкери Мадияр Бексултановго 4:1 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

Количество просмотров: 111