• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эл өкүлдөрү Аида Саляновадан кабар алышты

7 Баш оона 2019 15:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары кармалган мурдагы башкы прокурор Аида Саляновадан кабар алышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Каныбек Иманалиев билдирди. Ал Салянованын ден соолугуна байланыштуу комиссия түзүү боюнча адвокат аркылуу кайрылуу жиберилерин айтты:

«Салянова маанайын көрсөтпөгөнгө аракет кылды. Бирок ден соолугу мурдагыдан начарлаганы сезилип турду. Жанында чек арадан мыйзамсыз өттү деп айыпталган казакстандык жана бухгалтерия боюнча кармалган эки кыз бар экен. Биз адвокат аркылуу анын ден соолугуна байланыштуу комиссия түзүү боюнча кайрылалы деп жатабыз».

6-августта Аида Салянованын туулган күнү болду. Ал 47 жашка толду. Бул күнү туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Адвокат жана анын туугандары ден соолугу начарлап жатканын айтып келатышат.

Количество просмотров: 27