Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 26-февралда маалымат жыйын куруп, Кыргызстанда соттор толук көз карандысыз боло элек экенин айтты. Базарбеков сот реформасын аягына чыгаруу үчүн соттордун айлыгын көбөйтүү, сотторду ротация кылуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Ошол эле учурда Кыргызстанда соттордун чыгарган чечимдерине бүгүнкү күнгө чейин нааразы пикирлер айтылып келет. Ал эми эл өкүлдөрү сот системасына кандай баа берет?