• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алты спортчу өмүр бою стипендия алат

27 Баш оона 202417:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына стипендиялар жөнүндө жобого ылайык, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү жана медаль ээлери мамлекет тарабынан өмүр бою стипендия алышат.

1-орунга айына 30 000 сом, 2-орунга 25 000, 3-орунга 20 000 сом.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондору да өмүр бою 20 миң сом стипендия алуу укугуна ээ болушат. Бирок эгер спортчу дүйнөлүк чемпионатта 1-орунга ээ болсо жана Олимпиадада байгелүү орунга ээ болсо, бир гана стипендия алат.

Учурда Кыргызстандан төмөнкү 6 спортчу өмүр бою стипендия ала алышат:
25000 сом ала тургандар:

  • Айсулуу Тыныбекова
  • Акжол Махмудов
  • Мээрим Жуманазарова
  • Мунарбек Сейитбек уулу

20000 сом ала тургандар:

  • Жоламан Шаршенбеков
  • Үзүр Жузупбеков
Количество просмотров: 286