• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына ээ болгондордун тизмеси жарыяланды

28 Теке 2023 10:41 Бишкек Govori.TV

КР президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны өттү. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында 2022-2023-окуу жылында “Эл үмүтү” стипендиясы ыйгарылган экинчи окуу жылындагы стипендиаттардын тизмеси жана 2023-2024-окуу жылына карата стипендияга талапкер болгондордун тизмеси каралды.

Белгилей кетсек, «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз жана колдоого багытталган.

2022-2023-окуу жылында КР президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына татыктуу болгон экинчи окуу жылынын стипендиаттарынын тизмеси:

  • Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
  • Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;
  • Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.

КР президентинин 2023-2024-окуу жылына карата «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына талапкерлердин тизмеси:

  • Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
  • Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
  • Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
  • Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
  • Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
  • Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Каниметов Абдырай – Макгилл университети, Канада, бизнести башкаруу боюнча магистратура;
  • Осмонова Алина – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;
  • Төрөбеков Чыңгыз – Вашингтон университети, “Жетекчилер үчүн бизнести башкаруу” глобалдык магистратура;
  • Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
  • Айтабаев Ойбек Атмакович – Пенсильвания университети, жогорку билим берүү мектеби, “Билим берүүдөгү ишкердүүлүк” магистрдик программасы;
  • Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
  • Уланбек кызы Суйумкан – Колумбия университети, маалымат журналистикасы боюнча магистратура;
  • Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

Республикалык комиссиянын кабыл алган чечимдери тууралуу бекитилген соң кабарлайбыз.

Количество просмотров: 115