• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттын кылмыш иши токтотулду. «Эл үмүтү» стипендиясын албай калгандар эмнеге нааразы?

4 Баш оона 2023 18:10 Бишкек Govori.TV

17 ТАЛАПКЕРДЕН АРЫЗ ТҮШКӨН

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалагандардын саны 17ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирип арыз бергендердин арасында Бишкектин мурдагы вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, мурдагы аким Русланбек Тагаев, экс-депутаттар Ыргал Кадыралиева, Турсунбай Бакир уулу, активист Эртай Исаков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиев, жактоочу Эркин Бөлөкбаев жана башкалар бар.

Ал эми талапкер болуу ниетин билдирген мурдагы депутат Жаныбек Абировдун арызын БШК четке каккан.

Эске салсак, Аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган. Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн. Бир катар мыйзам бузуулардан улам Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Талапкерлерди каттоо 10-августка чейин уланмакчы.

“ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫН АЛБАЙ КАЛГАНДАР ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

«Эл үмүтү» стипендиясына тандалбай калган төрт адам арызын кайра карап чыгууну өтүнүп, президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетининин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылышты. Талапкерлердин бири Сүйүмкан Уланбек кайрылууну өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

«Эң башкы биздин нааразылык — бул бардык эрежелер каралбай туруп чечим чыгарылганы. Негизи, «Эл Үмүтү» стипендиясынын сынагына катышкан адам дүйнөдөгү эң мыкты 100 университеттин бирине өткөн болушу керек. Бул жобо каралган жок, стипендиянын жеңүүчүлөрүнүн арасында топ-100 окуу жайларга катталбаган студенттер да бар», — деди Сүйүмкан Уланбек.

Кайрылуу ээлери конкурстун жүрүшүндө эрежелер өзгөргөнүн белгилешкен.

Билим берүү жана илим министрлиги 3-августта «Эл үмүтү» стипендиясына 17 талапкердин 13ү тандалып алынганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Сүйүмкан Уланбек жарыялаган кайрылууга жооп берип, стипендия «биринчи кезекте экономика тармагында суроо-талапты жараткан жогорку технологиялык жана илимий адистиктер үчүн» белгиленгенин айткан.

Президент Садыр Жапаров былтыр май айында «Эл үмүтү» деп аталган эл аралык стипендияны түзүү жарлыгына кол койгон.

ДЕПУТАТТЫН ИШИ ТОКТОТУЛДУ

Биринчи май райондук соту 26-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарган.

Соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, судья Жамгырчиевдин жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган.

Беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган.

Чечимге ылайык, Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турат. Ал эми айыпталуучулардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу чечими күчүндө калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылы ошол кездеги Каржы полициясынын  жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган. Кийин Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Аны менен кошо кармалган Калмуратов да үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

ЖАСАЛМА АКЧА МЕНЕН КАРМАЛГАНДАР

Жасалма акча таратып жүргөндөр кармалды. Ош облустук Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 18-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-июль күнү май куюучу жайлардын бирине жашы 25-30 курактагы жаран келип 100 доллар берип, 2 000 сомго күйүүчү май куюп, 6 700 сом кайтарым катары алып, артынан дагы 100 долларын алмаштырып берүүнү суранып, 8 700 кыргыз сомго алмаштырып алып кеткендигин, эртеси күнү отчет тапшырып жаткан учурда аталган акча каражаттары жасалма экендиги билип калгандыгын билдирген.

Чогултулган материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, «Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө кызматы тарабынан бул акча каражаттарына соттук-техникалык экспертизасына дайындалып, анын корутундусу менен 200 АКШ доллар акча каражаты жасалма экендиги аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы тургуну кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн кылмыштуу шериктери дагы аныкталып, Кара-Суу районунун 35 жана 32 жаштагы тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар алдын ала сүйлөшүп, жеңил пайда табууну көздөшүп, Кара-Суу аймагында жайгашкан 4 автоунааларга май куюучу жайларда жалпы 1000 АКШ доллар акча каржатын кыргыз сомго алмаштырып кеткендиги аныкталды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУ ОШТО ӨТӨТ

Быйыл көк бөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

«Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу 20-августта аяктайт. Андан кийин командалар оюнчулардын жана аттардын абалына жараша чечим чыгарышат. Ошто өтө турган президенттин кубогу 24-августта башталат, ал эми финалдык беттеш 31-августта өтөт», — деди ал.

Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Венгрия, Россия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Количество просмотров: 516