• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Элчи: Францияда 2 кыргызстандык айдоочу баңгизат менен кармалды

2 Кулжа 202516:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-июнда ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жүк ташыган машина айдаган кыргызстандык жарандар бул өлкөдө маңзат соодасына шек саналып кармалганын билдирди.

«Кыргызстандан Европага барып иштеген айдоочуларга байланыштуу Францияда маңзат ташуу боюнча эки маселе болду. Негизги булак Литва болуп жатат. Ошол жерде кандайдыр бир туруктуу криминалдык уюмдар пайда болгон. Биз бул боюнча ачык жарыя кылып айта алган жокпуз. Бул жерде айтып жаткан себебибиз — ошондой иштерге бөгөт коюшубуз керек. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүш керек. Ошол биздин азаматтар акчага алданып, литвалык компанияларга иштеп, маңзат ташып кармалып, сотто аябагандай оор жаза алууда. Өзүңөр билгендей биздин чамабыз да чектелүү. Элчиликтин болгону үч кызматкери бар»,-деди элчи.

Количество просмотров: 220