• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Элчи Гүлнара-Клара Самат Москвадагы убактылуу кармоочу жайга барды

5 Чын куран 2021 17:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат башында турган КРнын РФдагы элчилигинин кызматкерлери Москва шаары боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө борбордун жетекчилиги менен кыргыз жарандарын аталган мекемеде кармоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле көрсөтүлгөн мекемеде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары менен баарлашуу болуп, анын жүрүшүндө документация маселелери боюнча маалымат берилди. Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарына өзгөчө басым жасалды.

«Россия Федерациясында жүргөн кыргыз жарандарынын жүргөн жери жана ишке орношуусу, ошондой эле айрым документтерди алууда ортомчулук кызматын пайдаланууда жарала турган терс кесепеттер, бул маселелер административдик гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да алып келери боюнча түшүндүрмөлөр берилди», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү кыргыз диаспора бирикмелеринин кыргызстандыктарга материалдык колдоо көрсөтүүсү үчүн кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат деген келишимге жетишилди жана кайрылган жарандардын жеке материалдары каралды.

Количество просмотров: 275