• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Элчи Садык Шер-Нияз туу боюнча пикирин билдирди

21 Бештин айы 2023 9:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Франциядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Садык Шер-Нияз тууну өзгөртүү маселеси боюнча өз пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Акыркы кездеги коомчулуктун көңүлүн бурган окуя болду окшойт. Катуу талкууладык, активдүү жарандар, чыгармачыл адамдар, кары жашы дебей баардыгы ушул маселенин тегерегинде өздөрүнүн оюн айтышты. ЖКдан Мирлан Самыйкожо иним арыстандай эле алышты окшойт. Ал инимдин дагы аракетин баалайм. Идея үчүн, ишеним үчүн ушинтип салгылашыш керек. Эми үч окуудан өтүптүр, мыйзам жактырылыптыр. Ал чечимди өзүбүз шайлаган депуттаттарыбыз чыгарып берди. Чемпиондор жамынган тууну десек, буйруса олимпиадада алтын алып калсак чемпиондорубуз жаңы тууну жамынып чыксын деп тилек кылалы. Ушул туу менен Кыргызстан жаңы ийгиликтерге жетсин, кыйынчылыгы азайып, сыймыгы көбөйсүн, максаты бийиктеп, мансабы жогоруласын деп бата тилеп олтурам. Кудай буйруп ошондой болуп кетсе анда “туура эле кылыптырбыз” деп калаарбыз. Ылайым ошондой эле болсун. Акыры келип бириге турган жерибиз, кармана турган байрагыбыз ушул туу боло тургандан кийин жакшы ой тилектерибиз менен жаңы жылга кирели»,-деп жазды ал.

Садык Шер-Нияз мындан сырткары элчилик кызматы аяктап калганын жана экинчи бул кызматка суранышса да барбай турганын жазды.

«Сыйлыктардын деле баарын алып бүткөм, жакынкы арада баары бир беришпейт. Болгону бул постту мамлекетчил киши катары ынтымакка чакырып келечекке кадам таштайлы деп жазып жатам»,-деди ал..

Количество просмотров: 1190