Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин буйругу менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер, Садык Шер-Ниязга Казакстандын мамлекеттик экинчи даражадагы «Достук» ордени ыйгарылды. Сыйлыкты тапшыруу аземи 25-майда Бишкектеги Кино үйүндө өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган бир катар маданият жана искусство ишмерлери катышты.
Казакстандагы бул мамлекеттик сыйлык 1995-жылы негизделген жана улуттар арасындагы достукту, тынчтыкты, ынтымакты бекемдөөгө салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин мындай сыйлыкты Алишер Усманов, Айтурган Темирова, Иосиф Кобзон баштаган коомдук, маданий ишмерлер алган.