• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Элчиге нота тапшырылды. ТИМ Орхан Инандынын Түркиядан табылышы боюнча үн катты

6 Теке 2021 16:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Сапат» лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын Түркияга жеткирилиши боюнча республиканын позициясын билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага Инандынын кармалгандыгы жана Түркияга жеткирилиши боюнча нота берилди.

«Кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүнү жана ага карата зордук-зомбулук болбошу керектигин талап кылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, ошол эле учурда аны кармоо боюнча атайын операция Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөнү айтылбаганын кошумчалады.

ТИМден билдиришкендей, министрлик Орхан Инандыны Кыргызстандын жараны катары өлкөгө кайтарууга жана анын укуктарынын сакталышына бардык аракеттерди жасамакчы.

Бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркияга жеткирилгени расмий жарыяланды.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган элге кайрылуусунда өлкөнүн улуттук чалгын уюму Орхан Инандыны Түркияга жеткиргенин айтты.

Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күч органдарына тапшырган. ИИМ «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козгогон.

Орхан Инандынын тарапташтары ал жоголгон күндөн бери кыргыз бийлигине кайрылып, табылышын талап кылган акцияларды өткөрүп келишти. Бүгүн, 6-июлда да Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Орхан Инандыны мекенине кайтарууну талап кылгандар чогулду.

Количество просмотров: 302