Россиянын Санкт-Петербург шаарында 27 кыргызстандык ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын 27 жараны Санкт-Петербург шаарына курулуш иштерин аткаруу үчүн Лахт-Центрге келишкен.
«Россия Федерациясындагы иш берүүчү «Прайдекс» ЖЧК тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары жатакана жана 3 маал тамак менен камсыз кылынган. Жарандар азыркы учурда С.П.Боткин атындагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүрүп, суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынган», — деп айтылыт билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бул окуянын бардык жагдайларын такташууда.