• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Элчилик Орусиядагы мигранттарды 30-сентябрга чейин каттоого турууга чакырды

10 Аяк оона 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарын 30-сентябрга чейин бардык документтерин тууралап алууга — миграциялык каттоого туруп, эмгек келишимин түзүүгө чакырды.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Орусия президентинин 16-июндагы жарлыгы менен мигранттарга документтерин ирээттеп алуу үчүн берилген мөөнөт 30-сентябрга чейин узартылган. Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден (ред: расмий эмес маалыматтарда 1 миллиондон ашык) ашат. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 780 кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Количество просмотров: 258