• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Элдар Абакиров ЖК депутатынын мандатын алды

2 Бирдин айы 202413:01 Бишкек Govori.TV

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров “Альянс” фракциясынын депутаты болуп катталып, парламент депутатынын күбөлүгү менен төш белгиси берилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы 2-февралдагы отурумунда кабыл алынды.

43 жаштагы Элдар Абакиров Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин, Кыргызстан мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы “Казак темиржол транспорту илимий-изилдөө институту” ишканасында программист-аналитик болуп баштаган. 2019-жылы экономика министринин орун басары болгон.

Количество просмотров: 129