• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Элдик курултайдын мүчөлөрү депутаттарга нааразы

1 Кулжа 2023 20:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 30-майдагы жыйынында «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады. Анда 22 берене 15ке чейин кыскартылган. Депутаттар курултайдын делегаттарын бир жолу гана шайлана тургандай сунуш киргизишүүдө.

Элдик курултайдын Аксакалдар кеңеши Жогорку Кеңеш «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышканын айтышты. Алар Курултайды элдин күнүмдүк көйгөйүн чечип берүүсүн жергиликтүү бийликтен талап кылган институт деп эсептешет.

Курултайчылар «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодо үч маселени эске алууну суранып жатышат: жергиликтүү курултайларды сактоо, мыйзам долбоорун жакын арада кабыл алуу, долбоордогу маанилүү функцияларды калтыруу.

Эскерте кетсек, өткөн жылы мыйзам кабыл алына электе биринчи элдик курултай өткөн.

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоору 30-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде экинчи окууда каралган.

Количество просмотров: 97