• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Электрондук кол тамгаларды күбөлөндүрүүчү борборду ачуу тапшырылды

10 Бирдин айы 202111:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларды кабыл алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат.

2021-жылдын 31-декабрына чейин жеке жана юридикалык жактар үчүн электрондук кол тамгаларды туруктуу акысыз негизде берүүнү жана узартууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасында электрондук кол тамгаларды күбөлөндүрүүчү борборду ачуу;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жарандар жана юридикалык жактар боюнча аткаруу өндүрүшү тууралуу маалыматты Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жайгаштыруу сунушталсын.

Эске салсак, өлкөдө санариптештирүү 2014-жылы башталган.

Количество просмотров: 95