• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Элеттик айымдарды лидерликке үндөгөн тренинг башталды

28 Чын куран 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

28-29-апрель күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 17 адам катталды. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим жана дарыгерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. 3 күндүк тренингдин алкагында маалымат берүү техникасы, лидерлик сапатты өнүктүрүү, маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Тренингди “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Айзада Касымалиева, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова, ошондой эле гендерный эксперт Римма Султанова, «Media Карьера» ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы жана маркетологдор Мурат Соорбеков жана Ормон Амангелдиев өткөрөт.

Окутуучу иш-чаранын жыйынтыгында жети дубандан келген 17 айым “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусуна катышып, «айымдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу» тренингинин сертификатына ээ болушат.

Тренинг Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 841