• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Элира Турдубаева менен подкаст: Кыргызстандыктар көз карандысыз медиа керек деп талап кылбай калды

16 Тогуздун айы 202516:40 Бишкек Govori.TV

ГовориТВ маалымат агенттиги Ойлон долбоордун алкагында подкасттарды улантат. “Ойлон” долбоору адамдарды кандайдыр бир маалыматты таратуудан же ага ишенүүдөн мурун ойлонууга үндөйт. Подкаст пропаганда жана фейктерге каршы критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Бүгүнкү эфирдин коногу медиаэксперт Элира Турдубаева. Кликбейттин таасири, Бүгүн биз коомдо көп байкалган көрүнүш – адамдар макаланы толук окубай, болгону теманын аталышы менен чектелип калгандыгы тууралуу сүйлөшөбүз.

Эмнеге адамдар макаланы толук окубай, заголовок менен токтоп калышат, бул маалыматты керектөө маданиятынын өзгөрүшүбү же убакыттын тардыгыбы? ЖМК эмне үчүн көп учурда “сенсациялуу” аталышын колдонууга аргасыз болушат? Блогерлер эмнеге ошол эле жолду тандашат – аларга окурмандар керекпи же ишеним? Мына ушундай темаларга спикер маекте токтолду.

Мындан тышкары кликбейт коомдук пикирге кандай таасир этет, ал маалыматтын сапатына кандай зыян алып келет, Элира Турдубаева ушул маселеге кеңири токтолду.

Ошону менен ал окурмандар кантип “чындап маанилүү маалыматты” жалган сенсациядан айырмалай алышы керек, ЖМК кликбейтке түшүп калбай, ошол эле учурда аудиториясын кантип сактап кала ала алат, Турдубаева кеңешин берип, медиасабаттуулукка калкты үйрөтүш керектигин айтып өттү.

Доктор Элира Турдубаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Медиа жана коммуникация боюнча PhD даражасына ээ. Ал бир нече университетте иштеген, анын ичинде Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика жана массалык коммуникация кафедрасынын башчысы болуп дайындалган. Ал ошондой эле Кыргызстандагы жаңы стартап онлайн университетинин жана Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясынын негиздөөчүсү.

Учурда Кыргызстандагы Эл аралык Ала-Тоо университетинин журналистика жана массалык коммуникациялар программасынын доценти.

Анын изилдөөлөрү медиа жана жасалма акыл, медианы колдонуу, билим берүүдөгү жасалма акыл, саясий катышуу жана медиа, шайлоо өнөктүгүн талдоо, нааразычылык акциялары жана социалдык медиа, социалдык медианы колдонуу, социалдык тармактарды талдоо, жаңы медиа изилдөөлөрү, Жаңы Медиа технологиялары жана жаштар, пропаганданы талдоо, гендер жана медиа, журналистика билими, медиа жана миграция, медиа жана активдүүлүк, Борбордук Азиядагы байкоо технологиялары жана купуялуулук, Борбордук Азиядагы медиа жана конфликт, ж.б.

Ошондой эле ал “Борбордук Азиянын медиа жана коммуникация ландшафтынын картасын түзүү» китебинин автору. Жакында Майами университетинин Коммуникация факультеиинде Фулбрайт программасы аркылуу илимий изилдөөчү болуп иштеп келди. Илимий изилдөөсүнүн темасы: “Борбордук Азиядагы жарандык активдүүлүктө социалдык медианын ролу”

Количество просмотров: 592