• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бакыт Орунбеков менен подкаст: Маалымат күчтүү курал. Бул куралды ким, кандай колдонуп келет?

28 Баш оона 202516:00 Бишкек Govori.TV

«Ойлон» подкастынын кезектеги коногу тажрыйбалуу журналист Бакыт Орунбеков.

Бул чыгарылышта пропаганда доорунда кантип көз карандысыз журналист бойдон калууга болот, журналисттин көз карандысыздыгы тууралуу сөз болду. Пропаганда күчөп, фейк жаңылыктардын агымы көбөйгөн азыркы доордо, чыныгы маалыматка жетүү кыйын болуп калды.

Бакыт Орунбеков журналистиканы эмнеге тандаганы, бул кесиптин жакшы жана терс жактары, негизи жашоосуна кандай таасир калтырды, кандай учурларда «ушул ишти таштайм» деген ойлор тууралуу айтып берди.

Маек учурунда журналисттин жеке позициясы жана принциптери абдан маанилүү экенин байкадык, ушул принциптер кандай сынга кабылып жатат, өз оюн ачык айтып, кысымга кабылган журналисттер тууралуу да кеп козголду.

Кесиптик этика боюнча талкуу жаралды. Пропаганда менен чындыкты ажыратуу ар дайым эле оңой болбойт. Жеке көз караш менен фактыны бөлүүдө журналисттер кыйынчылыктарга дуушар болудабы? Журналисттик калыстыкты сактоо үчүн биздин кесиптештер кандай принциптерди карманышат? Жана ошондой эле маалымат булактарын кантип тандашат, такталбаган маалыматты берип салган журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз айтылды.

Маектин акырында цензура болбош үчүн кандай ыкмаларды колдонуш керек, коопсуздук боюнча кеңештер берилди.

Подкаст чыныгы журналист болуунун түйшүгү жана жоопкерчилиги тууралуу маселерге көңүл бурду.

Количество просмотров: 806