ГовориТВ маалымат агенттиги Ойлон долбоордун алкагында подкасттарды улантат. “Ойлон” долбоору адамдарды кандайдыр бир маалыматты таратуудан же ага ишенүүдөн мурун ойлонууга үндөйт. Подкаст пропаганда жана фейктерге каршы критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Бүгүн биз фейк, пропаганда жана маалыматтык манипуляция доорунда өзүн кантип коргоо керек деген темага токтолобуз.
Мейманыбыз — медиаэксперт, фактчекинг жаатында иштеген адис Асель Сооронбаева. Асель айым критикалык ой жүгүртүү, фактыларды текшерүү жана санариптик көндүмдөрдүн темасын чагылдыруу боюнча тренер.
Бүгүнкү эфирде биз медиасабаттуулук деген эмне? Кыргызстанда пропаганда кандай формаларда кездешет? Эл көбүнчө кайсы каналдар аркылуу манипуляцияга кабылат? Медиасабаттуу болуу адамды маалыматтык коркунучтан кантип коргойт? деген суроолорго жооп издейбиз.
Ошону менен катар фейк жаңылыктарды кантип таанууга боло турганын, аны таанууда алгач эмнеге көңүл буруп, кайсы деталдарына маани берүү керектигин да талдап өтөбүз.