• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Элит Хаустун» негиздөөчүсү УКМКнын маалыматы боюнча билдирүү жасады

26 Үчтүн айы 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

«Элит Хаус» компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев УКМКнын 25-январдагы билдирүүсү боюнча маалымат берип, өзүнүн «Инстаграм» баракчасында кайрылуу жасады.

«Окуянын чоо-жайы тууралуу мен кийин да түз эфирден маалымат берип турам. Жалпысынан абал жакшы. Биздин үлүшчүлөргө кабатыр болбогула деп айта алам. Бардык кыйынчылыктарды чечсе болот. Биздин компания сегиз жылдан бери иштеп келе жатат. Миңдей үлүшчүбүз бар. Жети жылдан ашуун убакыт ичинде өлкө казынасына 500 миллион сомдон ашуун салык төктүк, миңдеген адамдарды иш орундары менен камсыз кылуудабыз», — деди ал.

Эске салсак, кечээ, 25-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында шаар курууга шайкештиги жана уруксат берчү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү системалуу куруу фактысын аныктаганын маалымдаган.

Коррупицияга каршы күрөш кызматы тараптарга инженердик тармактарды, курулуш-монтаждоо иштерин эрежеден тышкары мыйзамсыз жүргүзгөн, бул үйгө жайгашчу тургундардын өмүрүн тобокелге салган деген кине койгон.

Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы белгиленген.

Ошол эле учурда УКМК кине коюп жаткан мамлекеттик органдын, андагы жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын ачыкка чыгарган эмес.

Аталган мекеме тараткан маалыматка «Элит Хаус» курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү кошо тиркелген.

Количество просмотров: 1306