• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Елизавета II Жапаровду кызматына киришүүсү менен куттуктады

4 Бирдин айы 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Улуу Британиянын Королевасы Елизавета II Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүңүз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге жана Кыргызстан элине бардык жакшылыктарды каалаймын жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштар мындан ары дагы өнүгүп, бекемделе берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоодо.

Количество просмотров: 72