• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

«ЭлКат» ишканасы мамлекетке кайтарылды

4 Теке 202514:58 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура тарабынан “ЭлКат” ишканасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот тарабынан мурдагы соттук чечимдер жокко чыгарылып, мамлекеттин мыйзамсыз жоготулган мүлккө укуктары калыбына келтирилген. Кайтарылган мүлктүн баасы 5,8 млрд сом.

«Башкы прокуратура эл аралык байланыш оператору болгон «ЭлКат» ЖЧКсын мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча тиешелүү чараларды аткарды. Натыйжада сот тарабынан мурдагы соттук чечимдер жокко чыгарылып, мыйзамсыз жоготулган мамлекеттин мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди», — деп айтылат расмий маалыматта.

Количество просмотров: 173