• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт

6 Үчтүн айы 2021 14:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата 17-январда маркумдун шакирттери эскерүү кечесин өткөрөт. Чоң программадагы концерттик иш-чара Т октогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Бул тууралуу Элмирбек Иманалиевдин шакирти, «Айтыш» коомдук фондунун төрөгасы Асылбек Маратов «Марал» радиосуна билдирген.

«Устатыбыз өзү түптөп кеткен «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери биригип, агайыбыздын туулган күнүнө карата эскерүү кылганы жатабыз. Концертке белгилүү ырчылар, акындар жана жакындары катышат. Байге коюлбайт, болгону агайдын ырлары ырдалып, көркөм окулат. Ал эми төкмө акындар Элмирбек Иманалиевди эскерип ырдайбыз», — деген Асылбек Маратов.

Элмирбек Иманлиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн кайткан.

Количество просмотров: 364