Кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Иманалиев Элмирбек Калилович 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Буга байланыштуу акындын күйөрман, угармандары социалдык тармакта өлкөдө аза күтүү күнүн жарыялоону сунушташууда.

