Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы кабарлайт.
Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.