• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эмдөө аркылуу кайсы оорулар жок болгон? Адистин жообу

25 Баш оона 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-августта Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова брифинг учурунда эмдөө аркылуу кайсы оорулар жок болгону тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, вакцина аркылуу төрт оору жок болгон: Чечек оорусу Чечек оорусунун акыркы очогу 1977-жылдын октябрь айында катталып, 1979-жылдын декабрында окумуштуулар чечек толугу менен жок кылынган деген жыйынтыкка келишкен.

«Шал оорусу Полиомиелит (шал оору) — вирус адамдан адамга жугуп, шал оорусуна алып келет (адам — дененин бөлүктөрүн кыймылдата албаганда). Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар кабылышат. Полиомиелитке каршы атайын дарылоо жок, аны алдын алууга гана болот. 1952-жылы америкалык дарыгер Жонас Салк полиомиелитке каршы вакцина жасап, анын жардамы менен АКШда жана Европа мамлекеттеринде оору кескин түрдө төмөндөгөн. Ал эми Кыргызстанда полиомиелит 1993-жылдан бери каттала элек, 2002-жылдан бери полиомиелит өлкөдө жок деген статусту сактап келүүдө. Кептөөр оорусу Дифтерия (кептөөр) — курч антропоноздуу инфекциялык оору. Негизинен кекиртектин жана дем алуу жолдорунун оозунун бузулушу менен мүнөздөлөт. Акыркы 20 жыл аралыгында бул оору Кыргызстанда катталган эмес. Анын себеби 1994-1995-жылдарда массалык эмдөө күндөрү жүргүзүлүп, эл арасында иммунитет пайда болгон. Кызылча оорусу Кызылча — вирустун айынан пайда болгон курч инфекциялык оору. 21-кылымда кызамыкка жаңы чалдыккандардын 80%дан ашыгын чоңдор түзөт. 2001, 2002, 2015-жылдары массалык эмдөө күндөрү жүргүзүлүп, оорунун катталгандыгы кескин түрдө азайды»,-деп билдирген ал.

Азыркы күндө аталган ооруларга каршы балдарды эмдөө улуттук календарга ылайык жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 91